Мектептеги жылуулук системасын оңдоого 1 млн керектелеби? (видео)

2650

Бишкектеги №3 орто мектебинин жылуулук системасын оңдоого делген сумма атайылап жогорулатылган. Бул тууралуу борбор калаа мэриясында өткөн жыйында белгилүү болду. Ага ылайык, документте «окуучуларды жылуулук менен камсыздоо үчүн 1 миллион сомдон ашык каражат керектелет» деп көрсөтүлгөн.

Бирок Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрүнүн айтымында, тиешелүү сметаны мектеп директору өзү эле эсептеп, жазып койгон. Өз билемдикке барган мектеп директору кызматынан алынышы ыктымал экендиги белгиленди. Ал арада суукка байланыштуу №3 орто мектеби жабылып, окуучулар үйлөрүнө таратылган.