Мектептер карантинге жабылабы? (видео)

2507

Бишкек шаарында мектеп жана жогорку окуу жайлар азырынча аралыктан окутууга жиберилбейт. Бул тууралуу шаардык штабдан билдиришти. Бирок борбор калаада коомдук жайларга санитардык талаптарды күчөтүү тапшырмасы коюлду. Себеби өткөн суткада табылган Ковид-19 илдетинин көбүнчөсү Бишкек шаарында катталган.

Ошондой эле, курч респиратордук вируска чалдыккандардын дагы саны өсүүдө. Медицина кызматкерлери болсо жарандарды өз алдынча дарыланбай, ооруканага кайрылуу керектигин эскертишүүдө. Кечээ эле Бишкек шаарында 60 жаштагы аял өз алдынча антибиотик колдонуп, аллергиялык реакциядан улам көз жумган.