Мектептер окуучуларды кабыл алууга даярбы? (видео)

4754

6-октябрдан тарта 6-класска чейинки бардык окуучуларга мектепке барууга уруксат берилди. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды. Буга байланыштуу санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча алгоритм иштелип чыкты.

Мисалы, мектепте окуучулардын саны 200гө чейин болсо, кадимки режимде окуу процесси уюштурулат. Ал эми балдардын саны 350гө чейин болсо, ийкемдүү график түзүлүшү керек. Жеткинчектерди кабыл алууга мектептер канчалык деңгээлде даяр?