Мектептерде «5»тин ордуна — «7» коюлуп калабы? (видео)

837

Бир нече жылдан кийин Кыргызстандын мектептериндеги эң жогорку баа «5» эмес, «7» болуп калышы мүмкүн. Учурда окуучулардын билим деңгээлин баалоо системасын өзгөртүү сунушталып жатат. Демилгечилердин айтымында, жаңы тартип окуучу кайсы баага татыктуу экендигин азыркыдан так аныктоого шарт түзөт. Учурда долбоордун концепиясы иштелип жатат. Мындан тышкары, өлкөнүн билим берүү тармагында дагы бир өзгөртүү сунушталып, адистер айыл жергесиндеги балдарга жалпы республикалык тестирлөөнүн суроолорун жеңилирээк кылып түзүүнү сунушташууда.