Мектептерде 7 сомго кандай тамак берилүүдө? (видео)

6010

Азык түлүктүн кымбатташы балдардын толук кандуу тамактануусуна кедергисин тийгизүүдө. Ысык тамактын ордуна азыр таттуу токоч менен бир стакан шербет гана берилип жатат. Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч класстардын тамак-ашына бөлүнгөн акча аны толук камсыздаганга жетпей жатканын билдирүүдө.

Учурда өлкө боюнча 559 миң окуучунун тамагы үчүн бюджеттен 595 миллион сом бөлүнөт. Аны бөлө келгенде ар бир балага күнүнө 7-10 сомдон гана болуп калууда. Айрым мектептерде ата-энелер тарабынан каражат чогултулуп, балдарга ысык тамак берилип жатыптыр.