Мектептерде акча чогултуу качан токтойт? (видео)

1200

Бишкек шаарында эле окуучулардын ата-энелеринен жылына 300 миллион сом чогулат. Бул тууралуу билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова билдирди. Бул акчадан тышкары, шаардык бюджеттен да каражат бөлүнүп турат.

Бирок көпчүлүк учурда мектеп жетекчилери чогулган сумма кайсыл жакка жумшалып жатканы боюнча маалымат бербейт экен. Мындан улам, ата-энелерден түшкөн каражатты мамлекет тарабынан көзөмөлдөө зарылчылыгы айтыла баштады. Буга мектеп алдында түзүлгөн коомдук фонддор каршы.