Мектептерде акча чогултуу күчөдү (видео)

1081

Жаңы окуу жылы башталгандан тарта мектептерде акча топтоо боюнча нараазычылыктар күч алды. Мектепке ата-энелердин эсебинен алына турган буюмдардын тизмеси интернетке чейин чыгып кетти.

Анда пол жууган кызматкерлерге, борго, чака, челекке дагы окуучулардан акча чогултулуп жатканын көрүүгө болот. Буга чейин мугалимдер акча жыйналганын жашырып келсе, эми ачык эле айтып калышты. Бул маселе боюнча жакын арада ата-энелердин жөө жүрүшү пландалууда.