Мектептерде акча чогултуу зарылчылыкпы же коррупциябы? (видео)

1151

Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу зарылчылыкпы же коррупциябы? Дал ушундай аталыштагы 2 айлык изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы бүгүн коомчулукка жарыяланды. Анда мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу жагынан Бишкек шаары сап башында турса, кийинки орундарды Жалал-Абад жана Ысык-Көл областтары ээлеген. Изилдөө жүргүзүүгө ата-энелер тарабынан окуу жайдагы ар кайсы фонддорго деп каражаттар ашкере чогултулуп жатканы тууралуу нааразычылыктар түрткү болгон. Ата-энелер ар бир баласы үчүн айына жалпысынан 3 миң сомго чейин акча төлөп турушат экен. Бирок бул каражаттар максаттуу пайланып жатабы, деген суроо жаралууда. Себеби буга чейин ата-энелер чогулткан акчага чет өлкөгө барып эс алып келген жетекчинин жумуштан айдалганы кызуу талкуу жараткан болчу.