Мектептерде биринчи коңгуроо кагылды (видео)

1186

«Республика-Ата Журт» фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов окуучуларды Билим күнү менен куттуктады. Жогорку Кеңештин депутаты жаңы окуу жылынын башталышына карата уюштурулган майрамга ортоктош болуп, жаш жеткинчектерге каалоо-тилегин айтты. Өмүрбек Бабанов өз сөзүндө ата-энелер балдарынын татыктуу билим алып, көптөгөн ийгиликтерге жетиши үчүн шарт түзүп бериши керек, деди. Белгилей кетсек, 1-сентябрь Билим күнү өлкөнүн жер-жерлеринде белгиленип, окуучулар үчүн класстык сааттар өткөрүлдү. Ал эми сабактар 4-сентябрда башталат.