Мектептерде окуучулардан акча жыйноо улана береби? (видео)

509

Билим берүү жана илим министринин чыгарган буйругуна карабастан, мектептерде акча чогултуу улантыла берет. Мындай нааразылыгын бир катар ата-энелер билдирип чыгышты. Айтымдарында жетекчинин колу коюлган кагазда болгону, акча топтоого мугалимдер катышпоосу керектиги жазылган.

Анда «Камкорчулар» фонддору жабылсын деген пункт жок. Дал ушул бирикмелер аркылуу өлкөдөгү мектептерде миллиондогон каражаттар чогултулуп келет дешет. Бирок аларга көз салган атайын мекеме жок. Андыктан бир катар ата-энелер нааразычылык акцияларын уланта беришээрин билдиришти.