Мектептердеги тамтыгы чыккан китептер (видео)

1124

Жаңы окуу жылы башталбай жатып, Билим берүү жана илим министрлиги катуу сынга кабылды. Ата-энелер, балдарына эскирген, колдонгонго мүмкүн болбогон китептердин таратылганына нааразы. Министрликтин жетекчилиги болсо, каражаттын аздыгынан улам мектептер окуу куралдары менен толук камсыздалбай жатканын айтышат. Бирок адистер билим берүү тармагына жылына 36 миллиард сом бөлүнөөрүн эске салып, акча максаттуу сарпталып жатабы деген суроо коюшууда.