Мектептердин алдында жайкы лагерлер иштей баштады (видео)

1474

Жайкы эс алууну пайда менен өткөрүү. Бишкектеги мектептердин алдында лагерлер иштей баштады. Мындай жайлар балдарын шаардан тышкары эс алууга жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок ата-энелерге жеңилдик болсун деп уюштурулган.

Лагерде окуучулар үчүн ар багыттагы ийримдер каралган. Буга кошумча ар бир күн жаратылыш, суу, тарых, китеп окуу сыяктуу темаларга бөлүнгөн. Ошондой эле, балдар Улуттук каада-салттар менен тааныштырылат.