Мелдештерде байгелерди багындырган майып спортчу (видео)

1118

Ош шаарынын тургуну 55 жаштагы Инабад Чопошева ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, шахмат жана теннис боюнча эл аралык мелдештерде алдыңкы байгелерди багындырып келет. Ал алгач 2005-жылы Италияда өткөн паралимпиадага катышып, 48 спортчунун арасынан 5-орунга жетишкен. Инабад Чопошеванын мындай ийгиликтери арбын. Спортчунун айтымында, эгерде колдоо жакшы болсо, мүмкүнчүлүгү чектелгендер көп байгелерге жетишмек.