Мелис Аспеков атайын кайтарууга алынды (видео)

1490

Абакта жаткан активист Мелис Аспеков өзүнчө камерага киргизилип, атайын кайтарууга алынды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекетик кызматынан кабарлады. Эске салсак, Чүйдүн Молдовановка айылындагы абакта жаткан жарандык активистке белгисиз адамдар кол салганы кабарланган болчу. Ошондой эле, Мелис Аспеков менен бирге айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге карата козголгон бир кылмыш иши Бишкек шаардык соту тарабынан токтотулганы белгилүү болгон. Буга чейин Мелис Аспеков убагында тергөөчү менен кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн кысымына чыдабай, депутат Исаевге каршы жалган көрөтмө бергенин айтып, Башкы прокуратурага кайрылган болчу.