Мелис Калыков өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилди

4429

Баткен областынын мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталган Мелис Калыков өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилди. Тиешелүү өкүмдү Ош шаардык соту чыгарды.

Маркум Мамажакыпов 2018-жылы 17-ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү Баткенде тоо арасынан табылып, анын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Окуя боюнча «киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалып, Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Ал өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келген. Баткен прокурорунун өлүмүнө байланышкан сот жараяны быйыл май айынан тарта карала баштаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.