Мелис Турганбаев кол алдындагылардан акча талап кылганбы? (видео)

881

Мурдагы жетекчисине нараазыланган тартип сакчылар. Интернетте милиция кызматкерлеринин атынан президентке жолдонгон кат жарыяланды. Анда Мелис Турганбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын жетектеп турганда аймактык милиция пункттарын орнотуу үчүн кол алдындагылардан акча чогултканы айтылат.

Андан кийин бул каражаттарды өзүнө таандык ишканалардын эсебине которуп алган деген маалыматтар бар. Буга нараазы болгон Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери Мелис Турганбаевди жоопко тартуу өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Бирок генерал Турганбаев өзүнүн дарегине айтылган дооматтар менен макул эмес.