«Мен НТСти көрөм» акциясы уланууда (видео)

2141

НТС телеканалынан кызыктуу берүүлөрдү гана көрбөстөн, акцияларга катышып белектерди да утуп алсаңыз болот. Ал үчүн сизден өзгөчө идеяны сүрөткө түшүрүү талап кылынат. Чыгармада сөзсүз түрдө «Мен НТСти көрөм» деген жазуу болушу керек. Бул сынакка дүйнөнүн ар кыл бурчундагы НТС телеканалынын көрармандары катыша алышат. Учурда алгачкы эмгектер телеканалдын редакциясына келип түшүүдө. Анда көрүүчүлөрдүн аябай изденип, өзгөчө чыгарма жаратууга аракет кылып жатканын байкоого болот. Акция март айынын соңуна чейин уланат.