Мэр Албек Ибраимов 32 млн сом уурдаганбы? (видео)

1374

Саясий куугунтук эмес! Бишкектин мэри Албек Ибраимов УКМК козгогон кылмыш ишинде фигурант болуп жатканы боюнча дал ушундай жооп берди. Шаар башчысынын айтымында, кылмыш иши ага карата эмес, «Дастан» ишканасына атайын буюмдарды сатып алуу фактысы боюнча козголгон. Бул тууралуу Коопсуздук комитетине так түшүндүрмө берүүгө даярмын, дейт калаа башчысы. 6 жыл мурда Албек Ибраимов «Дастан» транс улуттук ишканасын 1 жыл жетектеген. Ошол учурда, мамлекетке жарым миллион долларга жакын чыгым келтирилгени айтылууда. Мындан улам, жакынкы күндөрү Бишкек шаарынын мэри УКМКга суракка чакырылышы күтүлүүдө.