Мэр Жунушалиев алты айда эмне иш жасады? (видео)

4243

Кызматка киришкенине алты ай болгон Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин азыркыга чейин калааны өнүктүрүү программасы кабыл алына элек. Акыркы убакта анын дарегине катуу сын пикирлер айтылууда. Айрым жарандык активисттер Жунушалиевдин отставкасын талап кыла башташты. Алардын айтымында, калаа башчысы жарым жылдан бери көзгө көрүнөрлүк иш жасай элек.
Белгилей кетсек, жакында эле Айбек Жунушалиевдин Бишкекти 2026 -жылга чейинки өнүктүрүү программасы коомдук талкууга коюлуп, ал шаардыктардын сынына кабылды. Айбек Жунушалиев ал документ тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп бербей койду.