Мэр Жунушалиев отставкага кетеби? (видео)

5847

Барган сайын Бишкек шаарынын мэрине карата нааразычылыктар көбөйүүдө. Бир катар жарандык активисттер борбор калааны 2021-2026-жылга өнүктүрүү боюнча Айбек Жунушалиевдин программасын талкуулашып, катуу сынга алышты. Алардын айтымында, документтин жарымынан көбүндө буга чейин жасалган долбоорлор эле жазылып калган.

Ошондой эле, шаарда коомдук унаалар иретке келтирилбей жатат деп укук коргоочу мэриянын алдына пикетке чыкты. 170 күндөн бери калааны башкарып жаткан Айбек Жунушалиевдин ишине ичи чыкпагандарга калаа бийлиги эмне дейт?