Мэрди эми президент шайлай баштайбы? (видео)

1682

Конституциянын жаңы редакциясы күчүнө киргенден кийин калаа мэрлери кандай шайланып калат? Учурда бул суроо көпчүлүктү кызыктырууда. Айрымдар калаа башчылары түз шайлоо аркылуу, тагыраагы жергиликтүү тургундар тарабынан тандалышы мүмкүн экенин айтышууда.

Бирок бул боюнча мыйзам кабыл алынганга чейин мэрлер учурда иштеп жаткан документ боюнча шайланышат. Тактап айтканда, талапкерлерди шаардык кеңештеги фракциялар, көпчүлүктүн жана азчылыктын коалициялары көрсөтүшөт. Ал эми Бишкек менен Ош шаарларына премьер-министр дагы өз кандидатын сунуштайт.