Мэрия Бишкектин деталдык пландоо долбооруна бут тосууда (видео)

698

Баш калаа бийлиги Бишкектин деталдык пландоо долбоорун аягына чыгарууга тоскоол болууда. Бул тууралуу анын авторлору айтышууда. Документ коомдук талкууга мындан бир нече ай мурда чыгарылганы менен, мэрия ал долбоорду жактырбай, нараазы болуп жатыптыр. Бирок муниципалитет Бишкек шаарынын деталдык пландоо долбоорунун авторлоруна бир дагы жолу негиздүү доомат келтире алган эмес, дешет алар. Жакында эле курулуш жана архтитектура агенттиги ушул эле долбоорду кабыл алганы белгилүү. Бул документке ылайык, биринчи этабында шаардын айрым аймактарынын техникалык параметрлери гана такталып көрсөтүлүшү керек. Ал эми шаарды кайрадан куруу планы толугу менен долбоордун кийинки бөлүгүндө бекитилет.