Мэрия курулуп жаткан мектептерди текшерип чыкты (видео)

2227

Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда салынып жаткан мектеп жаңы окуу жылына чейин бүтпөй калышы ыктымал. Курулуш иштеринин пландан артка калуусуна жер алдынан чыккан суу негиз болуп жатыптыр. Куруучулар учурда сууну сордуруп, тилкени кургатуу менен алек болуп жатышканы маалым болду.

Ал арада Бишкек боюнча эле жалпысынан 15 мектеп, 1 бала бакчанын курулуштары уланууда. Анда айрым объектилердин пайдубалы даяр болсо кээ бирлеринде имараттардын негизги түркүктөрүн орнотуу иштери жүрүүдө. Бүгүн калаа бийлиги журналисттер үчүн пресс-тур уюштуруп, алардын курулуштары менен тааныштырып чыкты.