Мэрия кызматкерлери мамлекетке материалдык зыян келтирген деп айыпталууда

716

Бишкек мэриясынын кызматкерлери мамлекетке ири көлөмдөгү материалдык зыян келтирген деп айыпталууда. Шаардык прокуратура капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу адамдарына карата эки берене боюнча кылмыш ишин козгоду.

Текшерүү учурунда 2008-жылы Кара-Жыгач конушундагы 91-мектептин курулушу өз убагында бүткөрүлбөсө дагы, кызматкерлер жеке ишкананын эсебине 30 миллион сом которуп салышкан. Ал эми жумуш болгону 26 миллион сомго гана жасалыптыр. Мындай банктык которуулар 2009-2010 жылдары да жүргүзүлгөн. Үч жыл ичинде жеке ишкананын эсебинде 12 миллион сом мыйзамсыз жүгүртүүдө болгон.

Эң кызыгы, бул менчик компания милдеттемесин аткарып бүтө электе, капиталдык курулуш башкармалыгы 2016-жылы ошол эле фирма менен 91-мектепте ремонт иштерин жасоо үчүн кайрадан 9 миллион сомдук келишим түзөт. Бирок ал ишкана эмдигиче жумушту толук жасаган эмес.

Ошондой эле, мамлекетке карыз болуп калган 6 миллион сомдук бюджеттик каражат кайтарыла элек.