Мэрия: Кызыл кулактыкка жол берилбейт! (видео)

1232

Азык-түлүктүн баасын дароо көтөрүп жибергендер жоопкерчиликке тартылат. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов соодагерлерди тамак-аштын баасы менен ойнобоого чакырды. Калаа башчысы базарлардын жетекчилери менен жолугушуп, алар азыркы абал, азык-түлүктүн наркы боюнча маалымат беришти.

Анда ишкерлер атамекендик өндүрүүчүлөрдөн унду өз убагында алып келүүнү суранышты. Дарыкана жетекчилери бет каптарга суроо-талап көп болуп жатканын айтып, марлиден тигилген маскаларды саткандар кошумча нарк салыгынан бошотулбаганына нааразыланышты.