Мэрия менен шаардык депутаттар мунасага келишти (видео)

2805

Бишкек мэриясы менен шаардык кеңештин ортосундагы тиреш токтоду. Эки тарап мунасага келишиптир. Отурумда калаа депутаттары мэр Айбек Жунушалиевдин шаарды өнүктүрүү программасын талкуулап, мэриядагы кызматтардын отчетун угуп, муниципалитеттин аппарат жетекчиси Миргазы Исаковго ишеним көрсөтпөө маселелерин кароону пландашкан. Бирок көпчүлүктүн коалициясынын жыйынынан кийин үч маанилүү маселе тең күн тартибинен алып салынды.

Буга чейинки отурумдарда шаардык кеңештин депутаттары менен мэриянын ортосунда тиреш күч алып, муниципалдык кызматкерлер эл өкүлдөрүн тоготпой жатканы байкалган. Мындан улам калаа депутаттарын айрым жарандык активисттер мокок, маселе чече алышпайт, талап койгондон коркушат деп сындашууда.