Мэрия митинг, акцияларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштоодо

1290

Бишкек мэриясы шаарда митинг жана башка акцияларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштоодо. Бул дүйнөнү каптап жаткан коронавирустун алдын алуу максатында жана 2-марттагы митингге байланыштуу аргасыз кадам болуп жатканын Бишкек мэринин кеңешчиси Балбак Түлөбаев өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Ал тиешелүү өтүнүч менен сотко кайрылуу жолдонорун билдирген.

Мындан тышкары мэрдин кеңешчиси кечээги митингди массалык башаламандык деп баалап, «анын уюштуруучуларына өлкөдөгү туруксуздук, башаламандык керек болгону ачык көрүндү. Бул шаардыктарды, ишкерлерди жана туристтерди кооптондурат», — деп билдирген. Ошондой эле, келтирилген зыяндын суммасы эсептелип жатканын да кошумчалаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.