Мэрия муниципалдык аймактык башкармалыктардын ишин көзөмөлгө алды

739

Бишкек шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларына 2 айлык мөөнөт берилди. Бул убакыт аралыгында алар аймактарындагы бир топ кемчиликтерди чечүүгө тийиш, болбосо кызматтарынан кол жуушат. Аларга катуу эскертүү берилди.

Калаа мэриясынын аппарат башчысы, буга чейин алардын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүп, анын алкагында шаардын тегерегиндеги тазаланбаган таштандыларды, санитардык тазалоо, сугаруу, жашылдандыруу, жакшыртуу сыяктуу жумуштардын убагында жасалбай жатканын байкап, бардык фактыларды сүрөткө тартып алган.

Жыйында ал тастыктамалардын бары көрсөтүлүп жатты. Ошондой эле, бир топ шаар тургундарынан арыздар түшүп, анда алар муниципалитет кызматкерлеринин орой мамилелерине даттанышкан. Мунун барын эске алуу менен, мындан кийин муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларынын ишин акимиаттар гана эмес, мэриянын борбордук аппараты да көзөмөлдөй турганы айтылды.

Ошондой эле, алардын жетекчилери эми мэрдин буйругу менен дайындала турганы белгилүү болду. Буга кошумча, жумушун так аткарала албай жаткан жетекчилерге өз ыктыярлары менен арыздарын жазып, иштен кетүү да сунушталды.

Белгилей кетсек, Бишкек мэриясында 22 муниципалдык аймактык башкармалык болсо, анын ар биринде 10дон адис иштейт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.