Мэрия суу менен камсыздоо кызматынын тарифин 1,5 эсеге көбөйтүүнү пландоодо

707

Бишкек мэриясы шаардыктарды суу менен камсыздоо кызматынын тарифин 1,5 эсеге көбөйтүүнү пландоодо. Калаа өкүлчүлүгү тиешелүү токтом долбоорун иштеп чыгып, ал коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, муниципалитет 1 кубметр ичүүчү суунун баасын 5 сом 38 тыйындан, 8 сом 10 тыйынга чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Мындан тышкары, бюджеттик жана башка мекемелердин да тарифтери кымбаттап, 9 сомдон 13 сомго чейин жогорулашы күтүлүүдө.

Ошондой эле, канализацияларды тейлөөнүн тарифин да 2 эсеге жогорулатуу сунушталууда. Токтом долбоорунун тастыктамасында, учурдагы тарифтер кызмат көрсөтүүнү чыгымдарын актабай жатканы көрсөтүлгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.