Мэрияда бир күндө үч кызматкер жумуштан кетти (видео)

1189

Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында отчет бере турган муниципалдык аткаминерлердин дээрлик баардыгы арызын жазып кызматтарынан кетишти. Социалдык тармак боюнча маалымат бере турган вице-мэр Айгүл Рыскулова өз каалоосу менен кеткенине байланыштуу, бул маселе күн тартибинен алынган. Андан соң, лифттердин абалы боюнча отчет берген Виктор Попов депутаттардын суроолоруно жооп берген соң кызматтан кетээрин билдирди. Көп өтпөй таштандыларды кайра иштетүү системасын жакшыртуу боюнча долбоор туурасында сүйлөй турган Болот Асаналиев дагы арыз жазып кеткени белгилүү болду. Муну депутаттар маалымат берүүдөн качты десе, ал эми Бишкектин мэри — алар депутаттардын шылдыңына чыдагысы келген жок, деп кеткендерге бөлүштү. Албек Ибраимовдун бул сөздү эки тараптын жаакташуусуна себеп болду.