Мэрияда иштегендердин кенебестигинен 383 млн сом күйүп кетиши мүмкүн

871

Шаардык кеңештин депутаты Сайдахмат Исмаиловдун айтымында, быйылкы жылдын бюджетинде калаага 60 автобус сатып алуу үчүн ири сумма каралган. Шаар бийлиги болсо, тендерди эми гана жарыялады. Эгер жыл аягына чейин конкурс өткөрүлүп, автобустар сатылып алынбаса акча күйүп кетет. Анткени бул каражат кайра кийинки жылдын бюджетине киргизилбейт.

Мектептерде китеп жетишпей, Бишкекте чечилбеген маселелер көп болуп турганда 383 миллион сомдун жыл бою иштетилбей турганы өкүнүчтүү дейт депутат. Бул жерде тендерде жеңүүчүнү шашылыш тандап, атайын алдын-ала даярдалган компанияга артыкчылык берилбейби деген суроо туулбай койбойт.

Белгилей кетсек, буга чейин таштанды полигонун иштетүүгө бөлүнгөн каражат өз учурунда өздөштүрүлбөгөнү үчүн, мэрия 135 миң евро айып төлөгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.