Мэриянын алды жайма базарга айланды (видео)

2098

Ош базарында иштеген бир нече соодагер Бишкек мэриясынын алдына нааразычылык акциясын уюштурушту. Алар шаар бийлигинен аталган базардын айланасындагы жайма базарларды тез арада тазалоону талап кылышууда.

Себеби мыйзамсыз соода кылгандарынын айынан базардын ичине кардар кирбей, ичинде иштегендер чыгаша тартып жатышыптыр. Анын айынан салыгын, иштеген жеринин ижара акысын төлөй албай келишет. Нааразычылык ациясына чыккандар базарда сатылбай калган кийим-кечесин алып келип, мэриянын алдына жайып да коюшту.