Мэрликке талапкерди ачык талкуунун негизинде тандоо сунуш кылынууда

685

Мыйзам боюнча, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэрди жашыруун добуш берип шайлашат. Шаардык кеңеште 45 депутат бар, анын көпчүлүгүнүн үнү жетиштүү болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэрлик кызматка талапкерлерди шаардык кеңешинин фракциялары жана көпчүлүк коалиция көрсөтүүгө укуктуу. Ошондой эле, өзүнүн сунушун премьер-министр бере алат.