Мешке чүпүрөк өрттөп, таштанды жаккандар көбөйдү (видео)

3179

Быйыл жыл башталгандан тарта эле Бишкекте тигүүчү цехтерден чыккан таштандыларды, желим бөтөлкөлөрдү жаккандарга карата 12 протокол толтурулду. Тиешелүү адистердин айтымында, былтыр бул көрсөткүч жыл ичинде 23тү гана түзгөн.

Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери калаанын бир топ жеринде атайын рейддерди жүргүзүп, мончо, мейманкана иштеткендерди кыдырышты. Арасында буга чейин айыпка жыгылганына карабай, талапты аткарбай жаткандар да бар болуп чыкты.