Метрикаларды өз убагында албагандар 1000 сом айыпка жыгылат

625

Республикада 1200дөн ашуун баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Мамлекеттик каттоо кызматынан белгилешкендей, «Бузуулар» жөнүндө кодекске ылайык, документтерди өз убагында албагандар 1000 сом айыпка жыгылат.

Дал ушул себептен улам, айрым жарандар метрикаларды кеч алып жатышы мүмкүн, дешет мекемеден. Буга чейин маалымдалгандай, өкмөт документтештирүү боюнча Улуттук компания жарыялоо ниетинде. Анын алкагында жарандар жыл аягына чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү эч тоскоолдуксуз ала алышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.