Миграция кызматы 2 унааны 5 млн сомдон ашык суммага сатып алган

622

Миграциялык кызматта иштегендер кымбат унааларды мыйзамсыз сатып алышкан.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, былтыр аталган мекеменин Россиядагы өкүлчүлүгү Toyota Land Cruiser Рrado жана Toyota Corolla темир тулпарларын 5 миллион сомдон ашык суммага сатып алган.

Алардын баасы кымбат болгондон тышкары, эч кандай тендерсиз, түз сатып алуу жолу менен алынган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.