Мигранттар үн катты (видео)

914

«Биз чет өлкөлөрдө иштегенге мажбурбуз». Бишкектин Максим Горький атындагы скверинде “Мигранттын үнү” аталышындагы акция өттү. Ага миграциянын айынан жакындарын жоготкон жана чет жакта жүрүп кыйынчылыктарга кабылган жарандар катышышты.

Иш-чарага Россияда эмгектенип жүргөн мекендештер да чакырылып, алар олуттуу маселелерди тизмектеп беришти. Айтымдарында, эмгек мигранттары арасындагы эң көйгөйлүү маселелердин бири чет өлкөдө көз жумган кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине алып келүү.