Мигранттарды кармоо борборунда тажик жана өзбек жарандары сабалды

777

Орусиянын Томск облусу боюнча тергөө башкармалыгы мигранттарды убактылуу кармоо борборундагы жарандардын сабалышы боюнча териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар мекеменин басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты.

Tomsk.ru сайтынын маалыматына караганда, аталган борбордо кармалган адамдардын биринин аялы тергөө башкармалыгына кайрылып, күйөөсү ОМОН тарабынан сабалганына даттанган. Анын айтымында, 13-апрелде анын күйөөсү менен бирге башка мигранттар дагы ур-токмокко алынган.

Аталган борборго барып келген облустук акыйкатчы Елена Карташова анда сабалгандар түрдүү жарааттарды алышканын билдирди. «Бир канча чет өлкөлүк жаран 12-апрелде беткап кийген адамдар тарабынан катуу ур-токмокко алынганын кабарлашкан. Алардын бирөөсүнүн кабыргасы сынса, экинчиси курсагынан жараат алып ооруканага жеткирилген», — деди ал.

Орусиянын Улуттук гвардиясынан ОМОН чынында эле аталган борбордогу тартипти камсыздоо үчүн полициячыларга жардамга барганын, бирок эч кандай курал-жарак жана күч колдонбогонун билдирди.

17-апрелде Томск шаарындагы тажик диаспорасынын башчысы Сайфулло Исматуллоев мигранттарды убактылуу кармоо жайына барып, анын жетекчилиги менен жолукту. Анын айтымында, анда Тажикстандын үч жараны кармалып турат. Баары тең түзөтүү абагынан бошотулгандан кийин которулуп барышкан. «Борбордун жетекчилиги сабалгандардын арасында Тажикстандын жарандары барбы деген суроомо жооп берген жок. Бирок өз ара сүйлөшүүлөрүнөн жаракат алгандардын көбү Өзбекстандын жарандары экени белгилүү болду», — деди тажик диаспора башчысы.