Мигранттардын балдарынан кабар алган киши барбы? (видео)

876

Карапайым адамдардын көйгөйү саясий окуялардын көлөкөсүндө калып, анча байкалбай калган учурлар көп. Алардын бири — эки жашар Ооматбектин трагедиясы. Апасы кор оокаттын айынан Россияга иштеп кеткен бала катуу сабалып, бир нече күн эсине келбей жатып, өткөн жумада көз жумду. Кичинекей бөбөктү айласы кеткен эне курбусуна таштап кеткен. Эки жашар бала ошол аялдын зөөкүрлүгүнөн каза болгону айтылууда.

Ооматбектей болуп, ар кимдин колунда калып, айлап жылдап ата-энесин көрбөй өсүп жаткан балдардын так саны белгисиз. Социалдык өнүгүү министрлигинин эсеби боюнча, Кыргызстанда 27 миң баланын атасы же апасы чет өлкөдө иштеп жүрөт. Ал эми эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүнө ылайык, эмгек миграттарынын балдарынын саны 120 миң.

Эки жашар Ооматбектин өлүмүнөн кийин ЮНИСЕФ уюму Кыргызстандын бийлигине кайрылып, чет өлкөгө иштеп кеткендерди өз балдарына камкорчу дайындоого милдеттүү кылууга чакырды. Ошондо гана, социалдык мекемелер мигранттардын балдарынын абалын көзөмөлдөй алышат экен. Бирок он миңдеген бала кандай шартта өсүп жатканын көзөмөлдөө мүмкүн экенине ишенүү кыйын.