Мигранттардын коргоо боюнча кандай иштер жүрүп жатат? (видео)

1276

Миграция кызматынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери чет өлкөдөн Кыргызстанга 293 жараныбыздын сөөгү жеткирилген. Бирок башка мекемелердин маалыматы мындан да кайгылуу. Алсак, Тышкы иштер министрлиги 7 айда эле Россиядан Кыргызстанга 430 эмгек мигрантынын жасаты алып келингенин кабарлаган. Алар ар кандай кырдаалда каза тапкандар.

Жумуш учурунда кырсыктап же мушташып, же акыркы окуядай жол кырсыгынан көз жумгандар. Алыста жүргөн жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргызстандагы мамлекеттик органдарынын колунан бир нерсе келеби? Негизи эле мигранттардын өлкөгө салган акчасын эсептегенден тышкары, аларды коргоо боюнча кандай иштер жүрүп жатат?