Мигранттар которгон акчанын көлөмү кескин азайды

707

Россияда эмгектенген мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасынын өлчөмү кескин түшүп кетти. Быйыл 5 айдын ичинде 200 миллион доллар каражатка кем которулган. Анткени Россияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин акча которуусун 500 доллар, жанында алып келүүсүн 300 доллар менен чектеп коюшкан.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондуктан, мындай чектөөлөрдүн коюлганы туура эмес дегендер арбын. Мындан улам, өкмөт тез аранын ичинде бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көйгөйдү чечиши керек, дешет депутаттар. Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар тушуккан маселе парламентте да көтөрүлдү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.