Мигранттарга өмүрүн 300 сом төлөп камсыздандыруу сунушталууда (видео)

586

Чет өлкөгө чыккан жарандарга өмүрүн 300 сом төлөп камсыздандыруу сунушталууда. Учурда бул боюнча Миграция кызматында документ даярдалып жатат. Мекеменин диаспоралар менен иш алып баруу бөлүмүнүн жетекчиси Улан Шамшиевдин айтымында, камсыздандыруунун суммасы 200 миң сомду түзүшү мүмкүн. Бирок мындай сунушту мигранттар менен иш алып барган «Замандаш» ассоциациясы акча табуунун бир амалы деп баалады.

Уюмдун мүчөлөрүнүн айтымында, өлкөдөн чыгып жаткан кыргызстандыктардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандырууга мажбурлоо конституцияга каршы келет. Полис киргизүүнүн ордуна мигранттын үй-бүлөсү жоготууга учураса аларга мамлекеттик жардам берүүнү ыкчам жана жөнөкөйлөштүрүп, компенсациянын суммасын көбөйтүү керек, дешет адистер.