Милиционер 28 жаштагы аялды зордуктоого шектелүүдө (видео)

734

Зордуктоо, мас абалында машина айдоо, пара талап кылуу. Мындай кылмышка баргандарды кармай турган милиция кызматкерлери өздөрү шектелип камакка алынууда. Кыргызстанда акыркы бир айда тартип сакчылары катышкан кылмыштар көп катталды. Милиция кызматкерлеринин айынан 10 жаштагы бала менен 34 жаштагы келин каза тапты.

Погончондордун беделине шек келтирген мындай окуялар парламентте дагы айтылды. Депутаттар өкмөттүн анын ичинде Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевден чектен чыккан тартип сакчыларды тизгиндөөнү талап кылышты. Башкы милиционер адаттагыдай эле кол алдындагылар мыйзам бузса жоопкерчиликке тартылат деп кутулду. Тартип сакчыларына таянбай, алардан коркуп калган мезгилге жеттикпи?