Милиционер эгиз балдардын түгөйүн унаасы менен сүзүп өлтүрдү (видео)

670

Сокулук районунун Новопавловка айылында милиция кызматкери машинасы менен окуучуну сүзүп, бала ошол жерде жан берди. Окуя №1- мектептин жанында болгон. Маалыматтарга караганда, 4-класстын окуучусу жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде баратканда, башка машиналар токтоп турганына карабай, «Ауди» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бараткан адам каршы тилкеге чыга калып баланы коюп кеткен.

Он жаштагы бала эгиздин түгөйү болгон. Автоунааны Чүй областтык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын старшинасы айдап бараткан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.