Милиционер катышкан дагы бир жол кырсыгы (видео)

529

Тартип сакчысы катышкан дагы бир жол кырсыгы катталды. Милиция кызматкери бир нече унааны сүзүп кетти. Рулда Ички иштер министрлигинин кадрлар карамагындагы милициянын подполковниги Айбек Сыдыков болгон. Муну Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады. Учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, так ушул эле тартип сакчысы Айбек Сыдыков буга чейин борбор калаадагы түнкү клубтардын биринин жанындагы атышуу менен коштолгон чатактын айынан соттолгон. Шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратылган. Бирок сот процесстери уланып жаткандыктан, ички иштер органдарынан айдала элек. Маалыматтарга караганда, Айбек Сыдыков — депутаттардын коомдук унаада жүргөнүнө уялган эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы.