Милиционерди бычактап өлтүргөн адам кармалды. Бирок суроо көп… (видео)

926

Милиция кызматкерин өлтүргөн деп шектелип кармалган адам 2 айга тергөө абагына камакка алынды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Сурак берүү учурунда, милиция кызматкери кылмыш кылууга тоскоол болгондуктан, аны бычак менен сайып жибергенин айткан. Эскерте кетсек, мындан төрт күн мурда борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде криминалдык милиция кызматкери киши колдуу болгон. Кийинчерээк ага кол салууну эл аралык террористтик уюм уюштурганы кабарланган. Учурда бул маалымат териштирилүүдө. Кармалган адам террорчубу, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча жарыяланбайт, дейт милиция.