Милиционерлер кимден пара талап кылды? (видео)

916

Паракор кызматкерлерден Ички иштер министрлиги өздөрү тазаланып жатабы? Мекеменин ички иликтөө кызматы пара алган 4 милиционерди колго түшүрүп  убактылуу кармоочу жайга камады. Акыркы бир жумада 2 офицер пара алып жаткан жеринен кармалды. Бишкектин Свердлов районунун милиция кызматкери Казакстандын жарандарынан 14 миң сом алып жатканда колго түшкөн. Ал эми кечээ болсо, Ош областынын баңги затка каршы күрөшкөн кызматкери жай тургундан жөн жерден эле 10 миң сом алып жатканда кармалды.