Милиция 16 жаштагы кызды ала качты деген тасманы текшерип баштады

1833

Милиция 16 жаштагы кызды ала качуу деп аталган видео боюнча текшере баштады. Тасма интернет колдонуучулар тарабынан жарыяланган. Видеонун түшүндүрмөсүндө окуя Таласта болгону жазылган. Ал эми ала качып келишкен кыз 16 жашта экени айтылууда.

Ошондой эле, өспүрүм кызды 35 жаштагы киши мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качып кеткен деген маалыматтар бар. Тасмада бир нече аял кыздын колун кармап, көшөгөнү көздөй сүйрөшкөн.

Талас областтык милициясы кыз ала качуу фактысы боюнча арыз келип түшпөгөнүн билдирүүдө. Беш жыл мурда Кыргызстандын кылмыш кодексинде ала качуу үчүн жаза пайда болгон. Бирок кыздарды никеге мажбурлап тургузуу боюнча аракеттери токтобой келет.

Былтыр эле бул боюнча 900гө жакын кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен 18 пайызы боюнча гана кылмыш иши козголгон. Ал эми сотко болгону 28 учур гана жеткен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.