Милиция эки туристти тартип сакчылары тоноп кетти деген билдирүүнү текшерүүдө

850

Бишкек шаардык милиция Европадан келген эки туристти тартип сакчылары тоноп кетти деген билдирүүнү текшерип жатат. Интернеттеги социалдык түйүндөрдүн бирине Аскат Чыналы аттуу колдонуучу борбор калаада «Спартак» стадионунун алдында чак түштө эс алуучулардын тартип сакчылары тарабынан тонолгонун өз көзү менен көргөнүн айтып маалымат таратты.

Анын билдирүүсүндө, эки туристке милиция кызматкерлери келип бир нерселерди сүйлөп, анан дароо качып кетишкен. Аскат Чыналы саякатчыларга барып чоо жайын сураганда, акчаларын тарттырып жибергенин айтышкан. Шаар тургуну туристтерди көчөдө калтырбай, үйүнө алып келип сыйлап, түнөткөн. Эс алуучулар милицияга арыз жазышкан эмес. Анткени алардын Кыргызстанды кыдырып чыгууга убакыты аз болгондуктан, саякатын улантып андан ары сапар алышкан. Милиция азыр бул окуяга шектүү инспекторлорду таба элек. Туристтеридин тартип сакчылары тарабынан кордолгону биринчи жолу болуп жаткан жок.

Июнь айында Бишкекке снукер боюнча чемпионатка келген чет өлкөлүктөр дагы милиция кызматкерлери кармап алып, алардан акча өндүргөнүн айтып чыгышкан. Бирок анда тартип сакчылары кызматынан гана ылдыйлап, башка жазага тартылган эмес.