80,63
95,44
1,05
0,18
Бишкек +7°C

Милиция издөө салат! 1-апрелде үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес

1283

Чүй райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1990-жылы туулган Базарбаева Аида Шеримкуловага издөө салат. Ал Чүй облусунун Чүй районундагы Шамшы айылынын тургуну. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ал 2020-жылдын 1-апрелинде үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, чачы узун, белине чейин, кара түстө, кой көз, бети сүйрү. Кийимдери: үстүндө кара түстөгү кофта, боз түстөгү джинсы шым, бутунда галош.

Аида Базарбаеваны кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85,Чүй райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 60-73-87, 0705 43 15 13 (издөө тобу).